Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы № 270
Т.Машрапов орто мектебинин имаратында “Өзгөн райондук сырттан окутуу мектеби мекемесинин” окуу-тарбия ишин алып баруусуна макулдук берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жер” кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып , “Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл аймагындагы Т.Машрапов орто мектебинин имаратында “ Өзгөн райондук сырттан окутуу мектеби мекемесинин” окуу-тарбия ишин алып баруусуна макулдук берилсин.
2. Сырттан окутуу мектебинин окуу-тарбия ишин алып барууда жетекчилик жана чарбалык иштерди алып барып жаткан Н.Жусуповго жоопкерчилик жүктөлсүн жана окуу-тарбия ишин Т.Машрапов орто мектебинин окуучуларынын сабактары аяктаганда , саат 14-00 дөн 18- 00 гө чейин алып баруу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын
орун басары Ж.Эргешов