Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы № 271
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2019-жылдан 2020-жылга өткөн 10102,5 миң сом акча каражатын бюджеттик тармактарга бөлүштүрүү жөнүндө
“«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2019-жылдан 2020-жылга өткөн 10102,5 ( он миллион бир жүз эки миң беш жүз) миң сом акча каражатын 2019-жылда айыл өкмөттүн ички жолдорун ремонттоо учурунда кеткен чыгымдан сырткары калган карыз акча каражатын төлөө максатында айыл өкмөттүн бюджетинин 2020-жылдын I кварталындагы чыгаша бөлүгүнүн тиешелүү беренесине жумшалуусуна макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде каражатты жумшоо , айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин “«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын
Орун асары Ж.Эргешов