Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы № 273
Мырза-Аке айылынын тургуну Турганбаева Айнурдун жеке менчик турак жайынын багытын элге кызмат көрсөтүү багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жер” кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, “айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылынын М.Жээнбеков көчөсүнүн тургуну Турганбаева Айнурдун жеке менчик турак- жайынын максаттык багытын , курулуш материалдарын сатуу дүкөнү багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын
орун басары Ж.Эргешов