Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-январы № 275
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинде калган “Тазалык” ишканасынын 24 миң сом акчасын ишкананын бюджетине которууга макулдук берүү жөнүндө
“«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинде калган 24 миң ( жыйырма төрт миң) сом акчасын «Мырза-Аке Тазалык»ишканасынын бюджетине которууга макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде каражатты жумшоо , “ Мырза-Аке “Тазалык ишканасынын башчысы Т.Жээнбековго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин “«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын
Орун асары Ж.Эргешов