Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-сентябры № 12-1
«Кожоке айылына бала бакча куруу үчүн айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунан 0,40 га жер тилкесин ажыратып берүү» жөнүндө
(Н.Исанов айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 15-майындагы №21-1 токтомунун редакциясына ылайк)
Кожоке айылынын тургундарынын социалдык муктаждыктарын чечүү үчүн айыл өкмөтүнүн балансындагы жер аянтынан бала бакча курууга жер аянтын ажыратып берүү үчүн айыл башчы Убайдулла Абдурахмановдун билдирүүсүнө негиз, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, Н.Исанов айылдык кенешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Кожоке айылына караштуу Кожоке атындагы орто мектебинин күн батыш тарабынын жолдун асты жагынан бала бакча куруу үчүн айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жеринен 0,40 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Ажыратылып берилген жер аянтына тийишелүү иш кагаздарын ,Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан, Ноокат райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн Жер боюнча башкы адиси М.Маликовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
Н.Исанов айылдык Кеңешинин
төрагасынын орун басары Б.Эргешов