Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-сентябры № 12-2
«Кожоке айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү» жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожоке айылына Кожоке атындагы орто мектебинин ичинен 0,10 га жер тилкесин кичи футбол аянтча курууга жер тилкесин берүү жөнүндө айылдык Кеңештин депутаты С.Абдыкаимовдун сунушуна негиз,айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожоке айылынын Кожоке атындагы орто мектебинин ичинен 0,10 га жер тилкеси кичи футбол аянтча курууга берилсин.
2. Кичи футбол аянтчасын курууга берилген жер тилкесинин иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн Жер боюнча башкы адиси М.Маликовго, айылдык Кеңештин депутаты С.Абдыкаимовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн
Н.Исанов айылдык Кеңешинин
төрагасынын орун басары Б.Эргешов