Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-сентябры № 12-3
«Федоров айылынын Төш участкасынын Бак көчөсүнө 1870 метр аралыкка таза суу түтүкчөсүн чыгарып, суу кампасын куруу үчүн 0,26 га жер тилкесин ажыратып берүү» жөнүндө
Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу Федоров айылынын депутаты М.Кудайбердиевдин Федоров айылынын Төш участкасындагы таза суу маселеси тууралуу маалыматына негиз, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Федоров айылынын Төш участкасынын Бак көчөсүнө 1870 метр аралыкка таза суу түтүкчөсүн чыгарып, суу кампасын куруу үчүн жайыт багытындагы 0,26 га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
2. Жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жана АПЗ, ИПЗ даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн Жер боюнча башкы адиси М.Маликовго башкы эсепчиси М.Айдаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн
Н.Исанов айылдык Кеңешинин
төрагасынын орун басары Б.Эргешов