Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-сентябры № 12-5
Мал союучу жайга чыгарылган 2010-жылдын 25-декабрындагы №160-токтомун жокко чыгарып, багытын өзгөртүү менен 0,05 сотых жер тилкесин кошуп, өрт өчүрүүчү жайга ажыратып берүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаны-Базар айылындагы Мал союуга бөлүнгөн 0,03 га жер тилкесине 2010-жылдын 25-декабрындагы №160 токтому чыгып, бирок бүгүнкү күнгө чейин иш жүзүнө ашпагандыктан, Жер боюнча башкы адиси М.Маликовдун билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Н.Исанов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаны-Базар айылындагы Мал союуга бөлүнгөн 0,03 га жер тилкесине чыккан 2010-жылдын 25-декабрындагы №160 токтому жокко чыгарылсын жана багыты өзгөртүлүп,0,05 га жер тилкесин кошуп,өрт өчүрүүчү жайга ажыратып берилсин.
2. Жаңы-Базар айылындагы 0,05 га жер тилкесин ажыратып берүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Маматовго тапшырылсын.
3. Берилген жер тилкесинин иш кагаздарын мыйзам чегинде карап, даярдоо айыл өкмөтүнүн Жер боюнча башкы адиси М.Маликовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
Н.Исанов айылдык Кеңешинин
төрагасынын орун басары Б.Эргешов