Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-сентябры № 12-7
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу ЗАК-Кашкасуу жана УСМ «ВОДСТРОЙ»көмүр кендеринен соц пакеттерди өндүрүү» жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө Кичи-Алайда жайгашкан ЗАК-Кашкасуу жана УСМ «Водстрой» көмүр кенинен соц пакеттерди өндүрүү боюнча айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап,Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө Кичи-Алайда жайгашкан ЗАК-Кашкасуу жана УСМ «Водстрой» көмүр кенинен соц пакеттерди өндүрүү камсыз кылынсын.
2. Көмүр кендеринин соц пакеттерин өндүрүп келүү жана маалыматын 9 айлык отчетко даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
Н.Исанов айылдык Кеңешинин
төрагасынын орун басары Б.Эргешов