Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-сентябры № 12-8
Жаңы-Базар айылынын күңгөй тарабынан пайдаланылбай жаткан сайды көрктөндүрүү багытында 0,40 га жер тилкесин балык чарбасын уюштуруу үчүн берүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы Жаңы-Базар айылынын күңгөй тарабынан пайдаланылбай жаткан сайды көрктөндүрүү,туризмди өнүктүрүү багытында 0,40 га жер тилкесин балык чарбасын уюштуруу жөнүндө М.Доорановдун сунушун ,айылдык Кеңештин сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап,туризмди өнүктүрүп,ишкердикти колдоо максатында Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы Жаңы-Базар айылынын күңгөй тарабынан пайдаланылбай жаткан сайды көрктөндүрүү,туризмди өнүктүрүү багытында 0,40 га жер тилкесин балык чарбасын уюштуруу жөнүндө М.Доорановдун сунушу камсыздалсын.
2. Балык чарба үчүн сунуш кылынган жердин мыйзамдуулугун карап,келишимдин негизинде берүү жагы айыл өкмөтүнүн Жер боюнча башкы адиси М.Маликовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
Н.Исанов айылдык Кеңешинин
төрагасынын орун басары Б.Эргешов