ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги №36 сессиясы
2019-жылдын 28-декабры №36-2
Жыгач тилүүчү жайдын багытын өзгөртүү жөнүндө
Шоро-Башат айылынын тургуну Мамбетов Курбаналиге таандык жеке менчикте турган жыгач тилүүчү жайдын багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шоро-Башат айылынын тургуну Мамбетов Курбаналиге таандык 1865 м 2 жер тилкесиндеги жеке менчигинде турган жыгач тилүүчү жайдын 800 м 2 жер тилкесин багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Суралсын Өзгөн районунун шааркурулшу жана архитектура башкармалыгынан, Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кеңешинин айыл чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ахмедов |