Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын28-декабры №36-3
Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Шоро-Башат айылынын тургуну Токтосунова Караматтин арызы жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Шоро-Башат айылынын тургуну Токтосунова Караматтин Төрт-Көл айылдык кеңешине жазган арызындаи 70 жаштагы жесир эне 4 баласы менен анын ичинен эки уулу майып көп жылдан бери батирде жашап келе жаткандыгын карап жана талкуулап чыгып Төрт-Көл айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтосунова Караматтин жашоо шартын карап чыгып, арызын канаттандыруу үчүн Ана-Кызыл айылынын Ак Коо участкасынан жеке менчик турак жай куруу үчүн башкы пландын негизинде жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Суралсын Өзгөн районунун шар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо боюнча башкармалыгынын жеке менчик турак жай куруу үчүн тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин айыл чарба, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Ахмедов |