Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-марты №37-1
Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын жана Төрт-Көл айылдык кеңешинин регламентине ылайык Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2020-жыл үчүн иш планы айылдык кеңештин сессиясында, каралып Төрт-Көл айылдык кеңешинин кезексиз алтынчы чакырылыштагы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планы бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы С.Ахмедов
Тиркеме Төрт-Көл айылдык кеңешинин
24.03.2020-жылдагы №37-1
токтому менен бекитилген
Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2020-жыл үчүн бекитилген иш планы
2020-жылы Төрт-Көл айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:
1. Айылдыккеңештин 2020-жыл үчүн иш планын бекитүү (2020-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин төрагасы Ахмедов С.)
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2019-жыл үчүн жылдык отчет (2020-жыл, 1-квартал, Төрт-көл айыл өкмөтүнүн башчысы Эсенбаев Ө.)
3. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы (2020-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы жана Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы , башкы эсепчи Абдиев А.)
4. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2019-жылдын эсебине калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө (2020-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы жана Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы , башкы эсепчи Абдиев А.)
5. Саламаттык сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө (2020-жыл, 3-квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн соцадиси)
6. Төрт-Көл айыл аймагындагы маданият үйүнүн жана китепкананын калкты теңлөөдөгү ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө (2020-жыл, 2-квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн соцадиси)
7. Бюджеттин 2020-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 9 айлык планын аткарылышы жөнүндө (2020-жыл, 4-квартал, «Бюджет, салыкжана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия», Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы , башкы эсепчи Абдиев А.)
8. Өзгөн РИИБинин Төрт-Көл айыл аймагы боюнча административдик участкаларынын тескөөчүлөрүнүн Төрт-Көл айыл аймагы боюнча аткарып жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери (2020-жыл, 2-квартал, Өзгөн РИИБинин административдик участкаларынын тескөөчүлөрү, айыл өкмөтүнүн соцадиси, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия)
9. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетин кирешелер, чыгашалар боюнча 2020-жылга бекитүү. Айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн структурасын жана штаттын санын бекитүү (2020-жыл, 4-квартал, айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы жана Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы , башкы эсепчи Абдиев А.)
10. Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2020-жыл, 3-квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары)
11. Төрт-Көл айыл аймагындагы веет сервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө (2020-жыл, 3-квартал, айыл чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн веет адиси)
12. Жайыт комитетинин 2019-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2020-жыл үчүн бюджетин жана иш плданын бекитүү жөнүндө (2020-жыл, 1-квартал, айыл чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссия, Жайыт комитетинин башчысы)
13. Төрт-Көл айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылунун абалы жана 2020-жылда аткарылуучу иш чаралар жана алдыдагы милдеттер жөнүндө (2020-жыл, 2-квартал, айыл өкмөт башчысынын орун басары, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия)
14. СПАнын 2019-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2020-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2020-жыл, 1-квартал, СПАнын жетекчиси, айыл чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссия)
15. Жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн трафик өлчөмүн бекитүү (2020-жыл, 1-квартал, айыл чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн ветадиси)
16. Мал жандыктарды алдын-ала, эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү (2020-жыл, 1-квартал, айыл чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн ветадиси)
17. Жазгы тала иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, себүү, арык тартуу жана башка ж.б. жумуштардын баасын бекитүү (2020-жыл, 1-квартал, айыл чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн ветадиси)
№ | Иш-чаранын мазмуну | Мөөнөтү | Аткаруучулар, жооптуулар | Эскертүү |
| Убактылуу сандык, сапаттык курамын бекитиүү (зарылдыкка жараша) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы, айыл өкмөттүн башчысы |
|
| Төрт-Көл айылдык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бекитүү (зарылдыкка жараша) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы жана катчысы |
|
| Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчы, «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси |
|
| Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр, (жолоңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандырууж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); Протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн жана башка маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу. | Жыличинде | Кеңештин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчы, туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
| Депутаттардын атуулдук коомдогу активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялардын |
|
| Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету) | Жылына кеминде биржолу | Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
| Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу | Жылына бир жолу | Кеңештин төрагасы, айыл өкмөт башчысы |
|
| Алдыңкы айыл кеңештин иш тажырыйбасын жеринде уюштуруу (тажырыйба алмашуу) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы |
|
| Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (Зарылдыкка карай.) айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы, туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
| 2020-жыл – Өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата иш чараларды алып бару | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы, айыл өкмөт башчысы |
|
| VI (алтынчы) чакырылыштагы Төрт-Көл айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө | 2020-жыл, ар кварталда | Кеңештин жооптуу катчысы жана туруктуу комиссиянын төрагалары |
|
| VI (алтынчы) чакырылыштагы Төрт-Көл айылдык кеңеши 2020-жылдагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо | 2020-жыл декабрь | Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы жана депутаттары |
|
Төрага | С.Ахмедов |