Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-июну №39
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнө Мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелерден түшкөн 63,8 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жөнүндөгү маселе кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, депутаттардын киргизген сунуштарынын негизинде Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштагы кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылга Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 63,8 миң сомго көбөйтүлсүн. Билим берүү бөлүмүнүн төмөндөгү статьяларына бөлүнүп берилсин.
Билим берүү бөлүмүнүн 22141100 статьясына 21,0 миң сом
31123230 статьясына 42,8 миң сом
Бардыгы 63,8 миң сом
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Ахмедов |