Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-июну №40-1
Төрт-Көл айыл аймагындагы айылдарга ичүүчү таза сууну пайдалангандыгы үчүн төлөмдү белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 31-берененин 2-пункутуна ылайык Кыргыз Өкмөтүнө караштуу манаполияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агентигинин Ош областы боюнча бөлүмүнүн сунушу. Төрт-Көл айыл аймагындагы Шоро-Башат, Макаренко, Бостон, Ана-Кызыл, Кыймыл, айылдары таза сууну пайдалануу боюнча жаңы тарифте ишке ашырууда маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ичүүчү таза суунун 1-м кубка 50сом 0 тыйын. Көчөдөгү жалпы колонкадан пайдаланса бир жанга 30сом 0 тыйын. Короосунун ичиндеги колонкадан пайдаланса бир жанга 50 сом 0 тыйын.
Бюджеттик мекеме уюмдарга (мектеп, бала-бакча, ФАП) 1-м куб 30 сом. Комерциялык жана жеке иш кналарга 1м куб 80 сом 0 тыйынга белгиленсин.
Суу түтүкчөлөрүн үйлөрүнө жайгаштырууга уруксат берүү төлөмү жеке үйлөргө 3000 сомдон.
Бюджеттик мекеме уюмдарга 3000сом
Комерциялык жеке иш каналарга 3000 сом.
короосу суу чоргосу бузук болсо 1000 сом,
огород сугарса 3000 сом айып пул салынары белгиленсин.
2. Бул мыйзам 2020-жыл ичинде күчүнө киргизилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин айыл чарба, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ахмедов |