Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-августу № 41
Ана-Кызыл айылынын башкы планында мектептин орду болуп белгиленген жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Ана-Кызыл айылынын башкы планында мектептин орду болуп белгиленген жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ана-кызыл айылынын башкы планында мектептин орду болуп белгиленген 1,40 га жер тилкеси муниципалдык менчикке алынсын
2. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиялынан башкы планда мектептин орду болуп көрсөтүлгөн 1,40 га жер тилкесин муниципалдык менчикке мамлекеттик акт жасап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кеңешинин айыл чарба, өнөр жай курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдетендирилсин.
Төрага | С.Ахмедов |