Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры № 102
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн карамагындагы кызматтык автомашинасын жокко чыгаруу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн карамагында турган ВАЗ 2121 үлгүсүндөгү автоунанын тетиктери эскирип жараксыз абалда экендигин эске алып
Кызыл-Тоо айылдык Кенешинин 6 шайланган 15-сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн карамагында турган ВАЗ 2121 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасы жараксыз абалда болгондуктан жокко чыгарылсын.
2. Автоунааны жокко чыгаруу боюнча иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Кадыров Жайнакка милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ош областык мамлекеттик мулк фондусунан суралсын.
Төрага | К.Кадырбеков |