Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-январы № 107
Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Кызыл-Тоо айылына кичи футбол аянтчасына жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Тоо айылындагы №9 Кызыл-Тоо орто мектебинин спорт аянтчасынын ээлеген жер тилкесинен айыл өкмөтүнө кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү максатында Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 6-шайланган 23 сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Тоо айылындагы №9 Кызыл-Тоо орто мектебинин спорт аянтчасынын ээлеген жер тилкесинен 2000 метр квадрат жер тилкеси кичи футбол аянтчасын куруу үчүн бөлүнүп ажыратылып берилсин.
2. Кичи футбол аянтчасынын тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жер жана турак жай боюнча башкы адиси Ж.Акматалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин айыл чарбасы өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Кадырбеков |