Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты № 22/2А
Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн Тоготой айылында жайгашкан №17-Үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер тобунун имаратын ѳкмѳттүн балансасынан Кара-Кулжа райондук Үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер борборунун балансасына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ
Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн Тоготой айылында жайгашкан № 17-Үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Б.Кармышаковдун 04.02.2020-жылдагы №2 катынын жана Тоготой айылынын жалпы элдик жыйынынын 04.02.2020-жылдагы «Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн Тоготой айылында жайгашкан №17-Үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер тобунун имаратын ѳкмѳттүн балансасынан Кара-Кулжа райондук Үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер борборунун балансасына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳгү” № 2-протоколун карап, депутаттардын Кашка-Жол айылдык Кеңешинин кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн Тоготой айылында жайгашкан №17-Үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер тобунун имараты айыл ѳкмѳтүнүн балансасынан Кара-Кулжа райондук Үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер борборунун балансасына ѳткѳрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Кашка-Жол айылдык Кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Кашка-Жол айылдык Кеңештин тѳрагасы: Т.Оморов
Тоготой айылында жайгашкан №17- Үй-бүлѳлк дарыгерлер тобунун имаратын айыл ѳкмѳтүн балансасынан чыгарып , Кара-Кулжа райондук Үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер борборунун балансасына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ.
Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча Тоготой айылындагы №17-ҮДТ нун башкы дарыгери Б.Кармышаков чыгып сүйлүп тѳмѳндѳгүлѳргѳ токтолду:
Тоготой айылында жайгашкан №17-Үй-бүлѳлбк дарыгерлер тобунун имараты 1992-жылы 4 койкалуу оорукана болуп ошол убактагы Кара-Кулжа совхозунун эсебинен курулган. Имаратын жалпы балансалык баасы - сом ,жалпы ыаянты -4562,0 м.кв. Курулган жылдан бери имарат бир да жолу капиталдык ремонтон ѳткѳн эмес. Жыл сайын оорукананын жамааты менен техремонттон ѳткѳрүлүп турат. Бул имаратты Кара-Кулжа райондук Үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер борборунун балансасына ѳткѳрүп берүүнүн бирден бир себеби 2020-жылга имаратты капиталдык оңдоого туура келип жатат. Сиздер макул болсоңуздар имаратты айыл ѳкмѳтүн балансасынан чыгарып Кара-Кулжа райондук Үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборунун балансасына ѳткѳрүп берсек дейм.
Жарыш сѳзгѳ чыкандар: Б.Суранбаев-Кашка-Жол айылдык Кеңешинин депутаты.
Мен райондо иштеп турганда бул имараттын ачылышына катышып, анын айланасын кѳрктѳндүрүүгѳ катышканмын. Имарат айыл ѳкмѳтүн балансасында тургандыктан акча маселеси тартыш болгондугуна байланыштуу капиталдык ремонттон ѳткѳрүүгѳ мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан бул имаратты айыл ѳкмѳтүн балансасынан чыгарып Кара-Кулжа райондук Үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборунун баласасына ѳткѳрүп берсе жакшы болот.
С.Каримов-айыл тургуну , пенсионер: Мен бул имаратын абалын жакшы билем. Кѳп жылдан бери капиталдык ремонтко муктаж, Кара-Кулжа райондук Үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборунун балансасына ѳткѳрүп берүүгѳ мен макулмун.
А,Эргешбаев –айыл тургуну, квартал башчысы: Чыдыгында имарат эскирип капиталдык ремонт талап кылып калган. Райондон акча каражаты бѳлүнсѳ, балансага ѳткѳрүп берүүгѳ мен да макулмун.
Жогорудагы жарыш сѳзгѳ чыкандарга куошулуп Т,Жееналиев, Мамалаков, Б,Алимбекова жана С,Айбашовдор чыгып сүйлѳшүп , бул сунушту толугу менен колдошоорун билдиришти.
Жогорудагы айытылган ой-пикирлерди,сунуштарды угуп талкуулап Тоготой айылынын элдик жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоготой айылында жайгашкан №17- Үй-бүлѳлк дарыгерлер тобунун имаратын айылѳкмѳтүн балансасынан чыгарып , Карап-Кулжа райондук Үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер борборунун балансасына ѳткѳрүлүп берилсин.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кашка-Жол айыдык Кеңешининин сесссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы элге жана №17-ҮДТнун башкы дарыгери Б.Кармышаковго тапшырылсын.
Чогулуштун тѳрагасы: С.Айтназаров
Чогулуштун катчысы: М.Зооканова