Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты №22/3
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чараба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чараба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө Кашка-Жол айылдык Кеңештин депутаты Суранбаев Бекташтын маалыматын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айылдык аймагындагы айыл чараба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынын ставкалык баалары 2020-жылга (Ки) коэфициент инфляциялык Ки=1,034кө көбөйткөндөн кийинки эсэп менен элден төмөндөгүдөй өлчөмдө салык алынсын (1га жер үчүн):
1. Сугат айдоо 353 сом
2. Кайрак айдоо 148 сом
3. Чөп орунду 86 сом
4. Бак 140 сом
5. Жайт 6,32 сом
6. Короо алдындагы жер (1м.кв) 0,12 сом
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айылдык Кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Асановага тапшырылсын.
Төрага | Т.Оморов |