Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты № 22/4
Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Жийде айылынын арендаторлорунан түшкѳн арызынын жана жер боюнча комиссиясынын актысын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын 13-беренесин жетекчиликке алып, Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу мамлекеттик фондунун жерлерин кароо боюнча комиссиянын курамынын актысын жер адиси А.Ардиновдун маалыматы боюнча угуп жана талкуулап, Кашка-Жол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жийде айылындагы мамлекеттик фондунун эсебиндеги 8,0 га мѳмѳ-бакты жаңылап, жаңы сортогу кѳчѳттѳрдү эгүү боюнча жер комиссиясынын актысы жактырылсын.
2. Куураган жана жапайы дарактарды түбүнѳн алып жаңы сортогу кѳчѳттѳрдү эгүү үчүн тиешелүү органдардан уруксат алып берүү жагы айыл ѳкмѳткѳ жүктѳлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳттүн жер адиси А.Ардиновго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Оморов |