Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты №22\6
Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн айылдарындагы калктуу конуштарындагы элдин ашыкча жер тилкесине менчик турак жай куруу үчүн бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Аградык азык түлүк,жер жана жер ресуртары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 10-март 2020-жылдын №2 протоколунун негизинде Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн айылдарындагы калктуу конуштардагы элдин ашыкча жер тилкесине менчик турак жай куруу жѳнүндѳгү сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктуу конуштардагы генералдык пландын негизинде 0.15га жерден ашкан жер тилкесин бѳлүп,менчик турак жай салууга ѳздѳрүнүн бала бакчасына бѳлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун ишке ашышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы, Кашка-Жол айылдык Кенештин Агрардык азык түлүк, жер жана жер ресуртары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Жол айылдык Кенешинин тѳрагасы: Т.Оморов
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин депутаттарынын (VI чакырылышынын) чогулушунун
Агардык азык түлүк,.жер жана жер ресурстары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын
ПРТОКОЛУ №2
Тоготой айылы 10.03.2020-ж.
Чогулуштун тѳрагапсы; Б.Суранбаев
Катчысы: А.Дѳѳлѳтов
Күн тартибиндеги маселе.
Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн айылдарындагы калктуу конуштарындагы элдин ашыкча жер тилкесине менчик турак жай куруу үчүн бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Угулду: Айыл ѳкмѳтүнүн аймагында беш калтуу конуш бар . Бир калктуу конушта гана генералдык план жок.Калган калктуу конуштар генералдык пландын негизинде курулуш иштери курулуп жатат.
Элдин менчик турак жай куруу үчүн кѳптѳгѳн арыздар түшүп, менчик турак жай курууга жер аянтары болбогондуктан жер тилкелерин бѳлүп бере албай келе жатабыз.
Сугат жерлерге курулуш курууга мамлекет маратория жарыялаган.
Айылдардын кѳрктүү болушун эске алып, генералдык пландын негизинде (убагында) берилген 0.15га жер тилкелеринен ашыкча жерлерге менчик турак жай курууга 0.07га жерин, жердин ээсинин бала чакасына бѳлүп берсек. Турак жай курууга жер тилкесин сурагандардын арыздарын канаткандырган болот эле.
Бул маселе менен комиссиянын мүчѳсү: Дѳѳлѳтов Айдарбек сүйлѳп, чындыгында менчик турак жай курууга сугат жерден берилбейт. 2007-жылдан бери жер тилкелери берилбей келе жатат.Мен бул маселени колдойм.
Калган комиссиянын мүчѳлѳрү да ушул маселени колдоштуу.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңешинин Агардык азык түлүк, жер жана жер ресуртары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы
Сунуш кылат;
1. Калктуу конуштардагы генералдык пландын негизинде 0.15гадан ашкан жер тилкесин бѳлүп, менчик турак жай салууга ѳздѳрүнүн бала бакчасына бѳлүнүп берилсин.
2.Бул токтомду бекитип берүүнү Кашка-Жол айылдык Кенештин кезектеги сессиясынан суралсын.
3.Токтомдун ишке ашышын ѳзүмѳ алам.
Комиссиянын тѳрагасы: Б.Суранбаев