Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты №22\7
Асанова Мээрбү жана Калмурзаева Замирага Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн «Ардактуу атуулу»- деген наамдарды берүү жѳнүндѳ
Маданий иш жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 10-март 2020-жылдын №1 протоколунун негизинде Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери Асанова Мээрбүгѳ жана Кашка-Жол байланыш бѳлүмүнүн башчысы Калмурзаева Замирага Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн «Ардактуу атуулу»-деген наамдарды берүү жѳнүндѳгү сунушун карап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери Асанова Мээрбүгѳ жана Кашка-Жол байланыш бѳлүмүнүн башчысы Калмурзаева Замирага Кашка –Жол айыл ѳкмѳтүнүн «Ардактуу атуулу» наамдары берилсин.
2. Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн финиасы-экономикалык бѳлүмүнѳ «Ардактуу атуул» -деген тѳш белги үчүн финансы маселесин чечүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун ишке ашышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Кашка-Жол айылдык Кеңешинин Маданий иш жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Жол айылдык Кеңештин тѳрагасы: Т.Оморов
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин депутаттарынын (VI чакырылышынын) чогулушунун Маданий иш жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын
ПРОТОКОЛУ
Тоготой айылы № 1 10.03.2020
Чоголуштун тѳрагасы А.Ыдырысов
Катчысы Б.Жусупалиев
Күн тартибинде карала турган маселе.
Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери Асанова Мээрбүгѳ жана Кашка-Жол байланыш бѳлүмүнүн башчысы Калмурзаева Замирага Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн «Ардактуу атуулу» деген наам берүү жѳнүндѳ.
Угулду.Ыдырысов Анарбай-мен Асанова Мээрбүнү 1971-жылдан бери билем. Ал
«Совет», «Кара-Кулжа» совхозунда жана «Кашка-Жол» айыл ѳкмѳтүндѳ эмгектенгенине кырк тогуз жыл болду. Асанова Мээрбү 1970-жылы Ош шаарындагы бир жылдык бухгалтердик мектепке келип кирип,аны ийгиликтүү аяктап.1971-жылы Совет совхозунун №1 бѳлбмүндѳ бухгалтер болуп эмгек жолун баштаган.Эми бир аз эмгек жолуна токтоло кетсем.
22.10.1971-жылдар «Совет» совхозунда бухалтер
10.02.1976-01.10.1992-жылдар «Кара-Кулжа» совхозунда бухалтер
01.01.1993-15.01.1994-жылдар «Кашка-Жол» колхозунда бухгалтер
15.04. 1994-01.06.1998-жылдар «Кашка-Жол» комитеттинде бухгалтер
02.06. 1998-28.06.2012-жылдар «Кашка-Жол» айыл ѳкмѳтүндѳ бухалтер-кассир
28.06.2012- 2019- жылдардан «Кашка-Жол» айыл ѳкмѳтүндѳ ФЭБ башчы болуп эмгектенип келе жатат.
Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн бюджетин кабыл алууда ѳзүнүн терең билимин жумшап , киреше жана чыгаша бѳлүктѳрүнүн ачык, айкын түзүлүшүнѳ чон салымын кошуп келе жатат.Ар кандай Ѳкмѳттүк ченемдик-укуктук актылардыжана жаңы мыйзамдарды күн санап окууга аракет жасайт. Жолдошторуна жана айлана чѳйрѳдѳгүлѳргѳ калыс жана адилетүү мамиле жасаганга аракет кылат.
Кандай тапшырма болсо да сарасеп менен мамиле жасап, ѳз убагында, жоопкерчиликтүү, жогорку денгээлде аткарууга аракет кылат.Азыркы күндѳ финансылык иштер боюнча кийинки муундарга ѳзүнүн тарбиясын талыкпай берип келе жатат.Коллектив арасында кадыр барктуу .Ѳзү принципалдуу, ѳзүнѳ тиешелүү иштерди туура жана так аткарууга аракеттенет.
Сот жообуна тартылган эмес.Туугандары, балдары да сот жообуна тартылган эмес. Райондун, айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнѳ зор салым кошкуп, жалпыснан финансы тутумунда кѳп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Кайсы жерде иштебесин эл алкышына ээ болуп иштеген инсан.
Кыргыз Республикасынын «Мыкты айымы»,
Кыргыз Републикасынын Ардактуу айымы»,
Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин «Финансы – экономикалык кызматтын отличниги» -деген тѳшбелги жана кѳп тѳгѳн ардак громаталар менен сыйланган.
Калмурзаева Замира 1965-жылы 28-мартта Ѳзгѳн районунун Кызыл-Дыйкан айылында туулган.1983—1985-жылдар Ош шаарындагы ОТСТ соодадагы бухгалтерия бѳлүмүн аяктап, эмгек жолун 1985-1986-жылдар Ош ГОРПРОМТОРГДО бухгальтер,
1988-1992-жылдар Кара-Кулжа районунда «Тресобщепит» ишканасында бухгалтер.
1996-2020-жылдар «Кашка-Жол» байланыш бѳлүмүнүн башчысы болуп иштейт , бир орунда үзгүлтүксүз 26 жылдан бери эмгектенип келе жатат.
Ушул жылдар аралыгында.
2004-2008-жылдары
2008-2012-жылдары
2016-2020-жылдары Кашка-Жол айылдык Кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутатты
болуп кызмат кылып келе жатат.
Кыргыз Респуликасынын «Ордолу журт датка айымы»
Кыргыз Республикасынын « Ардактуу айымы» тѳш белгилери жана кѳптѳгѳн ардак грамоталар менен сыйланган.
Калмурзаева Замира айыл ѳкмѳтүбүздүн жарандарын пенция, пособия менен камсыз кылууда жана турмуш шарты начар үй бүлѳѳлѳрдү жашоо шартын жогорулатууда кошкон салымы чоң. Эл арасында кадыр барка ээ.
Алмазбек уулу Тѳрѳгелди –Мен Асснова Мээрбү жана Калмурзаева Замира эжелерди жакшы билем. Бул жолдоштор айыл ѳкмѳтүбүздүн экономикалык-социальдык ѳнүгүшүнүнѳ жана жарандарыбыздын жашоо шартарынын деңгелин кѳтѳрүүдѳ кошкон салымы чоң. Ѳз иштерине так. Ошондой эле коллективдин жана эларасында кадыр барка ээ.
Жогорудагы белгилеп , Кашка-Жол айылдык Кеңеши «Маданий иш жана соицалдык маселелер» боюнча туруктуу комиссиясы
СУНУШ КЫЛАТ:
1. Асанова Мээрбүгү жана Калмурзаева Замирага Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн «Ардактуу атуулу» нааммдары берилсин.
2. Бул токтомду бекитип берүүнү Кашка-Жол айылдык Кеңешинин сессиясынан суралсын.
Комиссиянын тѳрагасы: А.Ыдырысов.
Катчы: Б.Жусупалиев.