Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну №23\3
Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2020-жылдагы бюджетине ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ
Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2020-жылдагы бюджетине ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ Финансы экономикалык бѳлүмүнүн башчысы М.Асанованын маалыматын угуп жана такуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине 137500 (бир жүз отуз жети миң беш жүз) сом акча каражатына ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Жогорудагы кѳрсѳтүлгѳн сумма айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин 710 (соц.защита) тармагынын 2215-беренесине коюлуп калган.Ушул сумманы 2824-беренесинен айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизип берүү жагы райондук финансы бѳлүмүнѳн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылшын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Кашка-Жол айылдык Кеңештин бюджет боюнча комиссиясынын тѳрагасы Ж.Бакировго тапшырылсын.
Төрага | Т.Оморов |