Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 3
Кашка-Суу айылдык аймагынын 2020-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 18 953,3 (он сегиз миллион тогуз жүз элүү үч миң үч жүз) сом суммасында жана чыгашалар боюнча 18 953,3 (он сегиз миллион тогуз жүз элүү үч миң үч жүз) сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр отун, жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр), чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
3. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аппаратына 23 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 2 штат.
Клубдарга 15 штаттык бирдик каралсын, анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 5 штат.
Китепканаларга 4 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 1 штат.
4. Айыл өкмөттүн түзүмүнө бир ветеринардык врач бир жылга контрактык негизде алынсын.
5. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2019-жылдын 27-декабрынан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |