Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 4
Жерлер категориясын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагында 2009-жылдын 31-июлуна чейин калктуу конушка которулбай турак жай курулуп кеткен жер аянттарынын КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомуна ылайык айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуш жерлер категориясына которуу жөнүндө жана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Бакировдун сунушун угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу Ачык-Суу айылынын № 851, 853, 854, 857, 858, 864, 865 контурларынан жалпы 12,69 га суулуу, Кабык айылынан № 46 контурунан 9,73 га суулуу, Жайылма айылынан № 377, 382, 383 контурларынан жалпы 29,22 га суулуу, Кара-Кабак айылынын № 1236 контуранан 2,0 га суулуу, Кашка-Суу айылынын №1361, контурларынан жалпы 22,01 га суулуу, Бурган-Суу айылынын № 569, № 570, 607 контурларынан жалпы 29,11 га суулуу жалпы Кашка-Суу айылдык аймагы боюнча 104,76 га суулуу 2009-жылдын 31-июлуна чейин калктуу конушка которулбай турак жай курулуп кеткен айыл чарба багытындагы жерлер категориясында турган жер аянты жерлер категориясынын калктуу конуштардын (шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) КРнын ченемдик укуктук актыларына ылайык макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү, тактоо жана даярдоо Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Ө.Шаңшоевге, юристи У.Алибаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин экономика, инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш, коммуникация боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |