Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-июну № 6
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчы кызматынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы № 01-10/35 чыгыш сандуу катын карап, талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 115 Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына кирген өзгөрүүлөрдүн негизинде жергиликтүү кеңештин жооптуу катчы кызматынын штаттык бирдиги бекитилсин.
2. Эмгек акысы жобонун негизинде төлөнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |