Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-июну № 7
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу “Кабык”, “Кара-Кабак”, Х.Базаров орто мектептерин толук эмес комплектиленген мектептердин категориясына киргизүү жөнүндө
2020-2021-окуу жылында “Кабык” орто мектебинде 160 окуучу, “Кара-Кабак” орто мектебинде 145, Х.Базаров орто мектебинде 133 окуучу бар. Ар бир мектептеги класстарда бирден гана класс комплектиси пландаштырылган. Балдардын орточо саны ар бир класска 11-13 окуучуну түзөт. Айылдарда балдардын саны аз болгондуктан бул мектептердин класс комплектилери толуук эмес болуп, жабылып калуу коркунучунда турат. Жергиликтүү шартты, айылдардын арасындагы аралыктын узактыгын эске алуу менен Кашка-Суу айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2020-2021-окуу жылында Кашка-Суу айыл аймагына караштуу “Кабык”, “Кара-Кабак”, Х.Базаров атындагы орто мектептерди бааланын саны аз комплектиленген мектептердин каатегориясына киргизүүну камсыз кылуу жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Бакировдон суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык коргоо, маданият, билим берүү, экология, спорт, туризм жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |