Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-сентябры № 3
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кабык айылына таза суу түтүгүн куруу үчүн жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Ө.Шаншоевдин Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кабык айылына таза суу түтүгүн куруу үчүн скважинадан резервуарга чейин узуну 3850 метр, туурасы 4 метр, жалпы 15 400 м2 ,Кабык айылынын ичинен узуну 7400 метр, туурасы 4 метр, жалпы 29600 м2 жер аянтын таза суу түтүгүн куруу үчүн чектеп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңеши төмөңдөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кабык айылына таза суу түтүгүн куруу үчүн скважинадан резервуарга чейин узуну 3850 метр, туурасы 4 метр, жалпы 15 400 м2 , Кабык айылынын ичинен узуну 7400 метр, туурасы 4 метр, жалпы 29600 м2 жер аянтын таза суу түтүгүн куруу үчүн жер аянтын чектеп берүүгө, тийиштүү мамлекеттик мекеме ишканалардын макулдугун эске алуу менен макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап даярдоо жана жүргүзүү жер адиси Ө.Шаңшоевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңешинин Экономика, инвеситициялардын тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш коммуникация боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | И.Ж.Эрмаматов |