Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-сентябры № 4
Кышкы сарай куруу үчүн жерлерди трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Ө.Шаншоевдин Кашка-Суу айыл аймагына караштуу “Жаман-Кырчын” участкасынын № 341- контурундагы 0,05 га, Ачык-Суу айылындагы 80 га участкасынын № 197 контурундагы 0,15 га, “Күнгөй-Өтөк” участкасынан № 432 контурунан 0,10 га жер аянттарын кышкы сарай (кашар) салуу үчүн жерлердин бир категориядан экинчисине которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу “Жаман-Кырчын” участкасынын № 341- контурундагы 0,05 га жер аянты, Ачык-Суу айылынын 80 га участкасынын № 197 контурундагы 0,15 га жер аянты, “Күнгөй-Өтөк” участкасынан № 432 контурунан 0,10 га, жалпы 0,30 га жер аянттарын кышкы сарай (кашар) салуу үчүн жерлерди бир категоиядан экинчи категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын тактап даярдоо жана жүргүзүү жер адиси Ө.Шаңшоевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Экономика, инвеситициялардын тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш коммуникация боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | И.Ж.Эрмаматов |