Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-сентябры №5
Кабык айылына суу сактоочу жай (резервуар) куруу үчүн жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Ө.Шаншоевдин Кабык айылында мурдатан суу сактоочу жай үчүн (резервуар) чектелип берилген жер аянтынын ичине жаңыдан суу сактоочу жай куруу үчүн (резервуар) 144 м2 жер аянтын чектеп берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кабык айылында мурдатан суу сактоочу жай үчүн (резервуар) чектелип берилген жер аянтынын ичине жаңыдан суу сактоочу жай куруу үчүн (резервуар) 144 м2 жер аянты чектелип берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап даярдоо жана жүргүзүү жер адиси Ө.Шаңшоевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Экономика, инвеситициялардын тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш коммуникация боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж.Эрматов |