Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-сентябры № 40-2
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Алашан айылынын тургуну А. Сулаймановго материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Алашан айылынын тургуну А.Сулаймановдун арызына негиз, турмуш-шарты оор жана ооруп калгандыгына байланыштуу, ага материалдык жардам көрсөтүү максатында экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссия карап чыгып, угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Алашан айылынын тургуну А.Сулаймановго айыл өкмөтүнүн бюджетинен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын айыл өкмөт башчысы С.Миңбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Пирматовго жүктөлсүн.
Төрага | О.Исаков |