Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-сентябры № 40-3
Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы №33-2 токтомуна Коронавирус илдетине байланыштуу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Коронавируска каршы туруу боюнча райондук штабдын отурумундарынын протоколдорун, Ноокат аймактык ооруканасынын директорунун 2020-жылдын 2-июлундагы №126/3 сандуу жана №14-15 /БДТнун жетекчисинин 2020-жылдын 7-сентябрындагы сураныч катын карап, таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Бюжеттик кодексинин” 9-бөлүмүнүн 21-главасынын 115-беренесинин 1-пунктунун 1-подпунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабрындагы №33-2 токтомунда ички жолдорго труба сатып алуу боюнча конкурсу токтотулгандыгына байланыштуу, сметада каралган жумуштун суммасы бөлүм жана беренеси өзгөрүлбөгөн тартипте төмөнөкү тизмеге негиз өзгөртүлсүн.
2. Көк-Жар айыл аймагындагы 1- күндүзгү обсервацияга алынуучу имараттын капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом, ал эми 2-имараты үчүн 80 000 (сексен миң) сом, жалпысы болуп 100 000 (жүз миң ) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарилиге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | О.Исаков |