Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-августу №1
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылындагы Тескей жана Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Тескей жана Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү көчөлөрдүн аталышы боюнча айыл тургундарынын 2020-жылдын 17-июлундагы жалпы чогулуштарынын протоколдорун карап чыгып, талкуулап көчөлөргө наам ыйгаруу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жана “жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Тескей бөлүмүндөгү көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон “Рузалиев Зокиржон” аты ыйгарылсын.
2. Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү, Чыгыш тарабынан эсептегенде 1-көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон “Охунов Пазыл” наамы ыйгарылсын.
3. Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү, Чыгыш тарабынан эсептегенде 2-көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон “Юсуфжонов Орифжон” наамы ыйгарылсын.
4. Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү, Чыгыш тарабынан эсептегенде 3-көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон “Курбонов Фарход” наамы ыйгарылсын.
5. Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү, Чыгыш тарабынан эсептегенде 4-көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон “Даняров Ңрмахаммад” наамы ыйгарылсын.
6. Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү, Чыгыш тарабынан эсептегенде 5-көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон “Исмонов Омонбой” наамы ыйгарылсын.
7. Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү, Чыгыш тарабынан эсептегенде 6-көчөнүн аталышына эл арасында кадыр баркка ээ болгон “Ортиков Ортигмамат” наамы ыйгарылсын.
8. Аталган көчөлөрдү каттодон өткөрүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын.
9. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Номан уулу Х |