Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-августу №2
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жаңы-Ноокат айылына Тез жардам унаасын сатып алуу боюнча өткөрүлгөн Марафондун отчету туралуу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жаңы-Ноокат айылына Тез жардам унаасын сатып алуу боюнча өткөрүлгөн Марафондун жыйынтыгы 1342900 (бир миллион үч жүз кырк эки миң) сом акча каражатын түзгөндүгүн, анын ичинен тез жардам унаасын сатып алуу үчүн 819000 (сегиз жүз он тогуз миң) сом акча каражаты сарпталгандыгын, калган 523900 (беш жүз жыйырма үч миң тогуз жүз) сом акча каражатын тез жардам жайгашкан имараты кеңейтип оңдоо жана керектүү шаймандар сатып алуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн М. Саттаров жетекчилигиндеги комиссия курамына өткөрүп берилгендигин карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жаңы-Ноокат айылына Тез жардам унаасын сатып алуу боюнча өткөрүлгөн Марафондун отчету канааттандыраарлык деп табылсын.(отчет тиркелет)
2. Калган 523900 (беш жүз жыйырма үч миң тогуз жүз) сом акча каражатынын жумшалышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши тарабынан түзүлгөн М. Саттаров жетекчилигиндеги комиссия курамына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык
кеңешинин төрагасы Номан уулу Х.
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жаңы-Ноокат айылына Тез жардам унаасын сатып алуу боюнча өткөрүлгөн Марафон 5 баскычта болуп өттү.
№1 – акт менен 333210 (үч жүз отуз үч миң эки жүз он) сомду түздү 17.07.2020-жыл
№2 – акт менен 375390 (үч жүз жетмиш беш миң үч жүз токсон) сомду түздү 24.08.2020-жыл.
№3 – акт менен 259210 (эки жүз элүү тогуз миң эки жүз он)сомду түздү 03.08.2020-жыл.
№4 – акт менен 18300 (он сегиз миң үч жүз) сомду түздү 03.08.2020-жыл.
№5 – акт менен 356790 (үч жүз элүү алты миң жети жүз токсон) сомду түздү 10.08.2020-жыл.
Бардыгы болуп 1342900 (бир миллион үч жүз кырк эки миң тогуз жүз) сомду түздү.
Анын ичинен 819000 (сегиз жүз он тогуз миң) сом акча каражаты тез жардам унаасын сатып алуу үчүн түзүлгөн комиссияга акт аркылуу өткөрүп берилди.
Калган 523900 (беш жүз жыйырма үч миң тогуз жүз) сом акча каражаты тез жардам жайгашкан ымаратын кеңейтип, оңдоо жана керектүү шаймандар сатып алуу үчүн айылдык кеңеши тарабынан түзүлгөн төрагасы М. Саттаров жетекчилигиндеги комиссия курамына өткөрүп берилди.
Тез жардам унаасын сатып алуу боюнча өткөрүлгөн Марафондун комиссия курамы:
Комиссиянын төрагасы
Номан уулу Х. – Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы
Комиссиянын мүчөлөрү
А. Хажимаматов – Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн юристи
К. Ганиев – Көчө комитети
Н. Сотимбоев – Айыл тургуну
К. Холбоев – Айыл тургуну