Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-августу № 4
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-тал айылындагы жаңы берилген жер тилкелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жыл 25-декабрындагы №707-токтомунун негизинде калктуу коңушту кеңейтүү, турак жай менен камсыз кылуу максатында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү боюнча 36,02 га жер тилкеси трансформацияланган, анын ичинен 17,19 га жер тилкеси Катта-Тал айылынын Зарбдар бөлүмүнө Жаңы-Ноокат айыл тургундарына турак-жай куруу үчүн атайын түзүлгөн башкы пландын негизинде өлчөмү 0,06 га болгон 227 даана жер тилкеси бөлүнүп берилди. Бирок 227 даана жер тилкесинин ичинен 22 жер тилкеси тургундар тарабынан турак жай куруу үчүн ыңгайсыз деп нараазычылык билдирип башка жерден жер тилкеси ажыратып берүүнү талап кылып жаткандыктарын карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси” жөнүндөгү мыйзамдарынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жыл 25-декабрындагы №707-токтому менен бекитилген жер тилкелеринен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тургундарынан 22 айыл тургуну бул жерге турак-жай куруп болбойт, турак-жай курууга ыңгайсыз деп нараазычылык билдиргендиктери үчүн аталган жер тилкелерин кайрадан карап чыгуу үчүн төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн.
Комиссиянын төрагасы:
К. Саттаров- Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары
Комиссиянын мүчөлөрү
А. Абдиназаров - Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты
М. Кораболаев- Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты
А. Артиков – Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты
Р. Гажиров - Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты
Ш. Кенжаев – айыл тургуну
Т. Махмудов – айыл тургуну
О. Абдулхамидов - айыл тургуну
2. Тез аранын ичинде берилген жер тилкеси боюнча нараазычылык билдирген айыл тургундары менен сүйлөшүп, жайына барып 22 жер тилкесин көрүп тиешелүү корутунду чыгарып, айылдык кеңешине сунуш даярдоо иштери комиссия курамына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарба, суу , жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Номан уулу Х |