Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-августу № 5
“Бахтиёр” жеке ишкердик коомуна трансформатор оңдоо боюнча ишкана куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
“Бахтиёр” жеке ишкердик коомунун башчысы Нурмахамадов Бахтиёр Рахматуллаевичтин 2020-жылдын 30-июнундагы каты менен таанышып чыгып, бүгүнкү күндө айыл өкмөтүнүн борборунда муниципалдык жер болбогондуктан, жаңы трансформация болуп келетурган жерден жер ажыратып берүү боюнча айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси” жөнүндөгү мыйзамдарынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Бахтиёр” жеке ишкердик коомуна трансформатор оңдоо боюнча ишкана куруу үчүн муниципалдык жерден Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси” нин негизинде каралган (аукцион, конкурс) шарттары жана талаптарына ылайык жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Соода, транспорт,курулуш, өнөр-жай жана кайра иштетүү” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын
Төрага | Номан уулу Х |