Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-августу № 6
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну А. Исмановга унааларга техник тейлөө көрсөтүү боюнча ишкана куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну А. Исманов унааларга техник тейлөө көрсөтүү боюнча ишкана куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси” жөнүндөгү мыйзамдарынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну А. Исмановга унааларга техник тейлөө көрсөтүү боюнча ишкана куруу үчүн муниципалдык жерден Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси” нин негизинде каралган (аукцион, конкурс) шарттары жана талаптарына ылайык жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Соода, транспорт,курулуш, өнөр-жай жана кайра иштетүү” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Номан уулу Х |