ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) №36-кезектеги сессиясы
2020-жылдын 28-августу № 7
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылында жайгашкан айылдык оорукананын электр печкасын оңдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылында жайгашкан айылдык оорукананын электр печкасы пандемия учурунда үзүлүксүз иштеп, комфоркасы бузулуп оңдоого муктаж болгондугуна байланыштуу оңдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылында жайгашкан айылдык оорукананын электр печкасын оңдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылында жайгашкан айылдык оорукананын электр печкасын оңдоо үчүн өткөрүлгөн марафондон калган 523900 сом акча каражатынан 8800 (сегиз миң сегиз жүз) сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Номан уулу Х |