Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-августу № 8
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Тепа” коомдук кайрымдуулук фондуна убактылуу келишимдин негизинде муниципалдык жер ажыратып берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылына караштуу Токой бөлүмүндөгү Чили-Сай дарыясынын батыш жагындагы 0,18 га ыңгайсыз, жанбоор жерде жайгашкан Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык жери болуп эсептелген жерди “Тепа” коомдук кайрымдуулук фондуна убактылуу келишимдин негизинде ижарага берип түшкөн дараметтен айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга материалдык колдоо көрсөтүү шарты менен пайдаланууга берүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси” жөнүндөгү мыйзамдарынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылына караштуу Токой бөлүмүндөгү Чили-Сай дарыясынын батыш жагындагы 0,18 га ыңгайсыз, жанбоор жерде жайгашкан Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык жери болуп эсептелген жерди “Тепа” коомдук кайрымдуулук фондуна убактылуу келишимдин негизинде 2021-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси” нин негизинде каралган (аукцион, конкурс) шарттарында ижарага берип түшкөн дараметтен айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга материалдык колдоо көрсөтүү шарты менен пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Аталган жерге кароол Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тургундарынан дайындалсын.
3. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңештин “Айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Номан уулу Х |