Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-августу № 9
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылында жайгашкан Мирзакаримов атындагы орто мектебинин спорт аянтына “Мини футбол” аянтчасын курулушуна макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылындагы жаштардын демилгеси менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылында жайгашкан Мирзакаримов орто мектебинин спорт аянтына “Мини футбол” аянтчасы курулуп жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт түзүп берүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылында жайгашкан Мирзакаримов орто мектебинин спорт аянтына демөөрчүлүк жолу менен “Мини футбол” аянтчасын курулушуна Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү менен Мирзакаримов атындагы орто мектебинин жамааты келишип, макулдук берилсин.
2. “Мини футбол” аянтчасы үчүн ажыратылган жерди Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси” нин негизинде берилишин камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңештин “Элге билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо, миграция, туризм жана жаштар саясаты” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Номан уулу Х |