Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-августу № 10
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Ташкоргон участогунда жайгашкан Х.Турсункулов көчөсүн асфалттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Ташкоргон участогунда жайгашкан Х.Турсункулов көчөсүн асфалттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү айыл тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Ташкоргон участогунда жайгашкан Х.Турсункулов көчөсүн асфалттоо үчүн жергиликтүү бюджеттин 70629-бөлүмүнүн 2221-беренесинен 267000 (эки жүз алтымыш жети миң) сом акча каражатын 70629-бөлүмдүн 3111-беренесине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Махмудовга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңештин “Экономика, бюджет жана ишкердүүлук” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Номан уулу Х |