Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-сентябры №3
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПтын курулуш иштери бүткөрүлгөн соң мамлекеттик кабыл алуу комиссиясы тарабынан кабыл алуу үчүн мамлекеттик бюджетке төлөнүүчү акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПтын курулуш иштери бүткөрүлгөн соң мамлекеттик кабыл алуу комиссиясы тарабынан кабыл алуу үчүн мамлекеттик бюджетке төлөнүүчү акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына курулган ФАПтын курулуш иштери бүткөрүлгөн соң мамлекеттик кабыл алуу комиссиясы тарабынан кабыл алуу үчүн мамлекеттик бюджетке төлөнүүчү 23 000 (жыйырма үч) миң сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |