Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-сентябры №4
Ноокат шаарынын генпланын жасатууда КыргызГИИЗ мамлекеттик мекемеси менен түзүлгөн эки тараптуу келишимде көрсөтүлгөн акча каражатынын төлөнбөй калган акча каражатын төлөп берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын генпланын жасатууда КыргызГИИЗ мамлекеттик мекемеси менен түзүлгөн эки тараптуу келишимде көрсөтүлгөн акча каражатынын төлөнбөй калган акча каражатын төлөп берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын генпланын жасатууда КыргызГИИЗ мамлекеттик мекемеси менен түзүлгөн эки тараптуу келишимде көрсөтүлгөн акча каражатынын төлөнбөй калган акча каражатын төлөп берүү үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 32 092 (отуз эки миң токсон эки) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |