Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-сентябры №5
Ноокат шаар мэриясында “Санариптик аймак” автоматтык маалыматтык системасын милдеттүү түрдө ишке кирүүсү үчүн ар кандай кызмат көрсөтүүгө байланыштуу чыгымдар үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясында “Санариптик аймак” автоматтык маалыматтык системасын милдеттүү түрдө ишке кирүүсү үчүн ар кандай кызмат көрсөтүүгө байланыштуу чыгымдар үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясында “Санариптик аймак” автоматтык маалыматтык системасын милдеттүү түрдө ишке кирүүсү үчүн ар кандай кызмат көрсөтүүгө байланыштуу чыгымдар үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |