Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-мартындагы N 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2001-жылдын 28-июну N 61 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө 1-статья. "Мамлекеттик акчалай жыйым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-жыл,N 3, 88-ст.) төмөнкү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин: 4-статьянын 3-пунктунда: биринчи абзац төмөнкү мазмундагы "д" пунктчасы менен толукталсын: "д) күрөө мүлкү менен жасалган бүтүмдөрдү күбөлөндүргөндүк үчүн(ыктыярдуу берүү жөнүндө макулдашуу ж.у.с.) - эњ төмөнкү эмгек акынынставкасынын өлчөмүндө"; "д" жана "х" пунктчалары тиешелүүлүгүнө жараша "е" жана "ц" пунк-тчалары деп эсептелсин; экинчи абзац төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Мамлекеттик акчалай жыйымды эки эсе өлчөмдө төлөөдөн дыйкан (фер-мер) чарбалары, айыл чарба кооперативдери жана башка айылдык товарөндүрүүчүлөр бошотулат." 2-статья. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-жыл, N 6, 80-ст.) төмөнкүөзгөртүү киргизилсин: 335-статьянын 3-пункту 3-пунктчадагы "мүмкүн болбосо" дегенсөздөрдөн кийин ";" белгиси коюлуп, төмөнкү мазмундагы 4-пунктча менентолукталсын: "4) тараптардын ортосунда талаштар болгондо". 3-статья. "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-жыл, N 6, 233-ст.) төмөнкүтолуктоо киргизилсин: 6-статья төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: "3. Эгерде бул күрөө жөнүндө келишим менен каралса, бир милдеттен-ме аткарылган учурда күрөө тыюу салууну алып салбастан башка кийинкимилдеттенмелерди да камсыз кылышы мүмкүн.". 4-статья. "Ипотека жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-жыл, N 9, 438-ст.) төмөнкүтолуктоо киргизилсин: 4-статья төмөнкү мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын: "Эгерде келишим ошол эле жактарга тиешелүү болсо жана бул ипотекажөнүндө келишим менен каралса, бир милдеттенме аткарылган учурда ипоте-ка тыюу салууну алып салбастан башка кийинки милдеттенмелерди да камсызкылышы мүмкүн." 5-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдикукуктук актыларын Ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 6-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев 2001-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган