Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-сентябры №6
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө, участкалык шайлоо комиссиялары үчүн жайларды даярдоо, жарандардын санытардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууу жана дең соолугун коргоону уюштуруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө, участкалык шайлоо комиссиялары үчүн жайларды даярдоо, жарандардын санытардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууу жана ден соолугун коргоону уюштуруу үчүн 706-бөлүмдүн 3111 беренесинин эсебинен:
-205 060 (эки жүз беш миң алтымыш) сом;
-35 510 (отуз беш миң беш жүз он) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |