Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-сентябры №7
Ноокат шаар мэриясынынын алдындагы “Ноокат Жылуулук менен камсыздоо” ишканасына ажыратылып берилген акча каражатынын беренесин өзгөртүп берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасына ажыратылып берилген акча каражатынын беренесин өзгөртүп берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасына ажыратылып берилген 3112 беренесиндеги 800 000 (сегиз жүз) миң сом, 3111 беренесиндеги 200 000 (эки жүз) миң сом акча каражаттары 2512 беренесине которулуп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |