Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-сентябры №10
Ноокат шаардык мэриясынын кызматкерлери үчүн атайын (душ) жуунучу бөлмө куруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экотехинспекциясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгынын негизинде Ноокат шаардык мэриясынын кызматкерлери үчүн атайын (душ) жуунучу бөлмө куруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын кызматкерлери үчүн атайын (душ) жуунучу бөлмө куруу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |