Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-сентябры №11
Ноокат шаарынын Бостон кварталындагы курулуп буткөн ФАПтын алдындагы дренажды калыбына келтирүү жана жол ачуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Бостон кварталындагы курулуп буткөн Ноокат шаарынын Бостон кварталындагы курулуп буткөн ФАПтын алдындагы дренажды калыбына келтирүү жана жол ачуу жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын Бостон кварталындагы курулуп буткөн ФАПтын алдындагы дренажды калыбына келтирүү жана жол ачуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 164 940 (бир жүз алтымыш төрт миң тогуз жуз кырк) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |